> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандыктар үчүн декларацияларды салык органы өзү толтурмакчы болду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/26/kazakstandyktar-uchun-dieklaratsiialardy-salyk-orghany-ozu-tolturmakchy-boldu/
- Published: 2025-12-26T07:41:36.000Z
- Updated: 2025-12-26T07:43:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Казакстанда КНС боюнча салык отчеттуулугунун формасын алдын ала толтуруу боюнча пилоттук сервис ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу** [**Tengrinews.kz**](https://tengrinews.kz/kazakhstan%5Fnews/nalogovaya-zapolnyat-deklaratsii-kazahstantsev-zarabotaet-589048/) **Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине шилтеме берип, жазып чыкты.**

Маалыматка караганда, **300.00 формасы боюнча отчет** мамлекеттик кирешелер органдарынын маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде - **эсеп-фактуралар, салык төлөөчүнүн жеке эсеби** жана товарларга карата **декларациялар менен толтурулат.**

Бул маалыматтардын негизинде **система** декларациянын 13 сабын **автоматтык түрдө толтурат.** Зарыл болгон учурда бул көрсөткүчтөрдү кол менен оңдоп, суммаларды **көбөйтүүгө же азайтууга болот**.

> *“Сервис КНС боюнча салык отчеттуулугун туура толтурууга алдын ала *маалымат берүү* жана *жардам көрсөтүү үчүн иштелип чыкты.* Анын мүмкүнчүлүктөрү салык суммаларын алдын ала билүүгө, *катачылыктардын санын азайтууга* жана камералдык көзөмөл боюнча билдирүүлөрдү алуу же айып пул салуу сыяктуу терс *кесепеттердин алдын алууга* шарт түзөт”,* — деп билдиришкен Мамлекеттик кирешелер комитетинен.

Сервисти Казакстандыктар **2025-жылдын 4-кварталы үчүн** отчет тапшыруу учурунан баштап **колдонуп көрсө болот.**