> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/26/minkab-2026-2027-zhyldargha-karata-biudzhiettik-ozghortuulordu-biekitti/
- Published: 2025-12-26T04:08:44.000Z
- Updated: 2025-12-26T04:08:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**МинКаб 2025-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен 2025-жылга республикалык бюджетке жана 2026–2027-жылдарга карата пландуу мезгилге өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде парламенттин кароосуна киргизилет.**

### *2025-жылга бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү*

- **Кирешелер:** 605,5 млрд сом
- **Чыгашалар:** 590,1 млрд сом
- **Сальдо (айырма):** 15,4 млрд сом

Бул көрсөткүч мурда каралган 24 млрд 297 млн 867 миң сомдун ордуна такталган.

### *Турукташтыруу фонду*

2025-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарына **89 млрд 094 млн 401,8 миң сом** (89,1 млрд сом) которуу каралган.

### *Капиталдык салымдар*

2025-жылга карата капиталдык салымдардын жалпы көлөмү **51,7 млрд сом** деп аныкталды, анын ичинде:

- 23 млрд сом — артыкчылыктуу объекттерге:
  - социалдык объекттер,
  - ичүүчү суу,
  - ирригация,
  - жолдор,
  - коопсуздук,
  - стратегиялык объекттер;
- 28,7 млрд сом — коммерциялык банктарда депозит катары жайгаштырылуучу мамлекеттик облигацияларды чыгаруу эсебинен.

Мындан тышкары, 5-беренедеги өзүнчө сумма 1 млрд 500 миң сомдон 1 млрд 200 миң сомго чейин кыскартылды.

### *Бишкек шаары боюнча*

Бишкек шаарына билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондунун чыгымдарынын бир бөлүгүн жабуу үчүн 3 млрд сом өлчөмүндө максаттуу трансферттер каралган.