> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 389 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/29/byiyl-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdoru-389-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2025-12-29T12:28:13.000Z
- Updated: 2025-12-29T12:28:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык,жыл ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түзсө, иш жүзүндө түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 28,9%га жетип, 87,5 млрд сомго көп түшүү менен тарыхый максимумга жетилди.

Салык кызматынын төрагасы келерки жылы дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнү максат кылып жатканын белгиледи. Анда негизги милдеттер — салыктык карыздарды кыскартуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү.

> Мындан тышкары, 2026-жылдын январында "Kezet" аттуу жаңы электрондук эсеп системасы ишке кирет. Ал аралыктан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана аналитикалык иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Система бардык модулдарды бирдиктүү санариптик платформага топтойт, кызматкерлер онлайн-форматта бардык текшерүүлөрдү көрө алышат.

Жыйын соңунда Алмамбет Шыкмаматов жамаатка ыраазычылык билдирип, жаңы жылы ийгиликтерди жана жакшылыктарды каалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-68.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/33-1.jpeg)