> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү майга болгон кырдаал кандай?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/29/kuiuuchu-maigha-bolghon-kyrdaal-kandai/
- Published: 2025-12-29T04:52:57.000Z
- Updated: 2025-12-29T04:52:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын декабрына карата Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар акырындык менен өсүп жатат.**

Бул тууралуу маалыматты Республиканын калктуу конуштары боюнча айрым керектөө товарларынын орточо бааларынын күнүмдүк мониторингинин натыйжасына таянып, Улуттук статистика комитети жарыялады.

> *Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, күйүүчү майга болгон баалар 2025-жылдын ноябрына салыштырмалуу декабрь айында өсүүсүн улантууда.*

| Күйүүчү майдын түрү               | 2025 ноябрь айына орточо баалар (сом) | 2025 декабрь айына орточо баалар (сом) |
| --------------------------------- | ------------------------------------- | -------------------------------------- |
| А-95 маркадагы автомобиль бензини | 81,21                                 | 81,58                                  |
| А-92 маркадагы автомобиль бензини | 76,29                                 | 76,47                                  |
| Дизель майы                       | 80,80                                 | 81,10                                  |

Эске салсак, 2025-жылдын август айынан бери бензин жана дизелдик отундун баалары жогорулоосун баштаган.