> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда азык-түлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 8,9%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/29/kyrghyzstanda-azyk-tuluk-baasy-byltyrkygha-salyshtyrmaluu-8-9-gha-kymbattady/
- Published: 2025-12-29T04:15:01.000Z
- Updated: 2025-12-29T04:15:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөнү айтылат.**

> Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%, кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган.

Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.

2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4% кымбаттаган.

> Буга чейин Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторинги жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.