> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттин бюджетинен билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык коргоого 169,3 млрд сом сарпталган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/29/mamliekiettin-biudzhietinien-bilim-bieruugho-salamattyk-saktoogho-zhana-sotsialdyk-korghoogho-169-3-mlrd-som-sarptalghan/
- Published: 2025-12-29T08:02:37.000Z
- Updated: 2025-12-29T08:02:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**2024-жылы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу негизги кызматтарга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн чыгымдар 169,3 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,5%га өскөнү "Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2015–2024" аттуу статистикалык жыйнакта айтылат.**

2015-жылга салыштырмалуу бул багыттарга бөлүнгөн чыгымдар 2,7 эсеге көбөйгөн.

> Ошол эле учурда, бул кызматтарга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар акчалай көлөмдө өсүп жатканына карабастан, алардын мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү кыскарганы байкалууда. Тактап айтканда, 2015-жылы мындай кызматтар мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 46,8%ын түзсө (2023-жылы — 43,1%), 2024-жылы бул көрсөткүч 39,7%га чейин төмөндөгөн.

Негизги кызматтарга бөлүнгөн каражаттардын эң чоң үлүшү мурдагыдай эле билим берүү тармагына туура келет. 2024-жылы билим берүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 17,3%ын түзгөн.