> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/31/2025-zhyly-paidalanuugha-bierilghien-obiektilierdin-sany-32-7-paiyzgha-ostu/
- Published: 2025-12-31T06:25:34.000Z
- Updated: 2025-12-31T06:30:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3**,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.** 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн.

Республика боюнча жалпы **1905 объект** пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу пайдаланууга берилген объектилердин саны **32,7 пайызга көбөйдү**.

Бул көрсөткүч курулуш тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорулаганын жана инфраструктуралык долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт.