> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Н.Орунтаев Оштогу IT-шаарчасынын курулушуна барды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/01/n-oruntaiev-oshtoghu-it-shaarchasynyn-kurulushuna-bardy/
- Published: 2026-01-01T05:12:19.000Z
- Updated: 2026-01-01T05:12:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушу менен таанышканын "Кабар" агенттиги жазды.** 

Бүгүнкү күндө объектинин бардык 3 баскычында курулуш иштери кызуу жүрүп, биринчи баскычынын 22 блогун 2026-жылдын жай айында пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров IT-шаарчасынын курулушун расмий түрдө баштап, мезгил кутусун салган.

> Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 миңден ашуун батири менен ири турак-жай комплекси курулуп жатат. Шаарчада балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар, көп тармактуу медициналык мекеме жана диагностикалык борборлор курулат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/FB_IMG_1767239_Don7k7I.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/FB_IMG_1767239_sQmNh0V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/FB_IMG_1767239_lAsRThg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Мындан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, балдар жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу жашыл аймактары курулат. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.