> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автордук ишмердүүлүктү сыйлоо 2025-жылы 27 млн сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/07/avtorduk-ishmierduuluktu-syiloo-2025-zhyly-27-mln-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-01-07T07:29:34.000Z
- Updated: 2026-01-07T07:29:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025-жыл ичинде автордук жана чектеш укуктар тармагындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарды.**

> Ведомствонун маалыматына ылайык, чогултулган автордук сый акынын суммасы 27 миллион сомдон ашты. Бул укук колдонуу практикасынын өсүшүн жана интеллектуалдык менчик объектилерин пайдалануу маданиятынын жогорулаганын көрсөтөт.

Отчеттук мезгил ичинде автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу боюнча колдонуучулар менен 358 лицензиялык келишим түзүлүп, ошондой эле автордук жана чектеш укуктардын 531 объектиси каттоодон өткөрүлгөн.

Көрүлгөн чараларды ишке ашыруу укук ээлеринин укуктук корголушун күчөтүүгө, креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын инновациялык экономикасы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.