> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ бир күндө Венесуэладан 4 миллиард долларлык мунай алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/09/aksh-bir-kundo-vieniesueladan-4-milliard-dollarlyk-munai-aldy/
- Published: 2026-01-09T05:15:13.000Z
- Updated: 2026-01-09T05:15:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэладан алынган мунайды сатуу аркылуу миллиарддаган, ал тургай триллиондогон доллар киреше табууну пландап жатканын билдиргенин Fox News телеканалы кабарлады.**

"Бул мунайдан түшө турган миллиарддаган доллар жөнүндө сөз болуп жатат, алар убакыттын өтүшү менен жүздөгөн миллиарддарга, андан кийин триллиондорго айланат. Биз Венесуэлада өлкө толук иретке келтирилгенге чейин болобуз", — деди Ак үйдүн башчысы.

Ал ошондой эле АКШ бир күндүн ичинде Венесуэланын жалпы суммасы 4 миллиард доллар болгон мунайын алганын айтып, "бул көрсөткүч мындан ары өсөт" деп убада берди.

Анын айтымында, учурда күйүүчү май 6-январда америкалык күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн Marinera аттуу танкерден түшүрүлүп жатат. АКШ лидери окуядан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнү тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартып, бул тууралуу сүйлөгүсү келбей турганын айтты.