> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми алкоголдук продукцияга акциз салыгы жогорулайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/12/emi-alkogholduk-produktsiiagha-aktsiz-salyghy-zhoghorulait/
- Published: 2026-01-12T11:08:05.000Z
- Updated: 2026-01-12T11:08:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата акциз салыгынын ставкалары жогорулай турганын маалымдады.**

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгы этап-этабы менен жогорулатылат.

> Анын ичинде, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сом өлчөмүндө белгиленет.