> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткизилип 5500 сомдон сатылып жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/12/naryn-shaaryna-500-tonna-komur-zhietkizilip-5500-somdon-satylyp-zhatat/
- Published: 2026-01-12T09:41:51.000Z
- Updated: 2026-01-12T09:41:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**"Кыргызкөмүр" ААКнын башкы директору Кайрат Маматов жумушчу иш сапары менен Нарын облусунда болду.**

Иш сапардын алкагында Кара-Кечеде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көзөмөлдөнүп, калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери текшерилди. 

Учурда Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунун калкты көмүр менен камсыздоо иш-аракеттеринин негизинде Кара Кечеден алып келинген 500 тонна көмүр отуну эт комбинатынын короосуна түшүрүлүп, тоннасы жеринде 5500 сомдон сатылып жатат.

Нарын эли көмүр алып келүүгө көмөк көрсөткөн “Кыргыз көмүр” мамлекеттик мекемесине жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыраазычылык билдирип жатышат.