> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/13/brent-munaiynyn-baasy-birinchi-zholu-65-dollardan-ashty/
- Published: 2026-01-13T12:57:38.000Z
- Updated: 2026-01-13T12:57:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады.**

Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты.

> Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде андан мунай сатып алгандарга карата экинчи деңгээлдеги санкциялар киргизилерин жарыялаган. Чектөө чараларын айланып өтүүгө аракет кылган өлкөлөр үчүн америкалык компаниялар менен болгон каалагандай соода операцияларына 25%дык бажы алымы киргизилет.

Буга чейин америкалык Goldman Sachs инвестициялык банкынын аналитиктери 2026-жылдын аягына чейин Brent мунайынын баасы баррелине 54 долларга чейин түшөрүн, ал эми жылдык орточо баа 56 долларды түзөрүн болжолдошкон.