> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр импорттолгон жүктөрдөн 112 мыйзам бузуу фактысы катталган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/13/byltyr-importtolghon-zhuktordon-112-myizam-buzuu-faktysy-kattalghan/
- Published: 2026-01-13T06:34:07.000Z
- Updated: 2026-01-13T06:34:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында импорттолгон жүктөрдү текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Аталган фактылар боюнча тиешелүү артка кайтаруу актылары түзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуу фактылары төмөнкү мамлекеттерге тиешелүү болду:

- Казакстан – 48 акт
- Өзбекстан – 51 акт
- Орусия Федерациясы – 8 акт
- Пакистан – 1 акт
- Кытай Эл Республикасы (КЭР/КНР) – 3 акт
- Түркия – 1 акт

> Мыйзам бузуу фактылары негизинен ветеринардык коштоочу документтердин талаптарга жооп бербеши, жүктөрдүн коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктары тарабынан кооптуу продукциянын өлкөгө киришине жол бербөө максатында текшерүү иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүүдө, - деп айтылат маалыматта.