> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кафелердеги тамак-аштын баасы 20%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/13/kafielierdieghi-tamak-ashtyn-baasy-20-gha-kymbattady/
- Published: 2026-01-13T03:14:32.000Z
- Updated: 2026-01-13T03:14:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кыргызстанда кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу акы жоюлгандан кийин айрым кафелерде тамак-аштын баасы 20%га чейин өскөнүн Мамлекеттик антимонополия кызматы билдирди.**

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай төлөм негизинен Бишкек жана Ош шаарларында колдонулуп келген. Анын өлчөмү 5%дан 15%га чейин түзгөн.

"Керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган бардык маселелер боюнча Мамлекеттик антимонополия кызматына кайрылууга болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 1-январдан тартып Кыргызстандагы ресторандарда, кафелерде жана башка коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү, тамакты берүү, үстөлдү жасалгалоо жана кызматкерлердин башка аракеттери үчүн негизги заказдын баасынан өзүнчө акы алууга тыюу салынган.