> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына коюлуучу талаптар күчтөндүрүлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/13/virtualdyk-aktivdier-rynoghunun-katyshuuchularyna-koiuluuchu-talaptar-kuchtondurulot/
- Published: 2026-01-13T08:37:01.000Z
- Updated: 2026-01-13T08:37:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Министрлер Кабинети виртуалдык активдер чөйрөсүн мындан ары жөнгө салууга жана крипторынокту өнүктүрүү үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган токтом кабыл алды.**

Документке ылайык, виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү иштеп жаткан субъекттер 2026-жылдын 1-мартына чейин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү операторлорунун (криптобиржалардын) ишмердүүлүгү жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келтирүүгө милдеттүү. Бул талаптар 2022-жылдын 16-сентябрындагы [№ 514 токтом](https://cbd.minjust.gov.kg/7-26567/edition/7848/kg) менен бекитилген.

Ошол эле учурда МинКабдын 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылды. Аталган пункт аркылуу буга чейин виртуалдык активдерди жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген болчу.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.