> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/14/kumtordun-kaldyk-saktoochu-zhaiyndaghy-121-tonna-altyn-mamliekiettik-balanska-kirdi/
- Published: 2026-01-14T11:49:02.000Z
- Updated: 2026-01-14T11:49:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын тоо-кен тармагында инвестициялар, геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү багыттарында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Айрыкча, 2024-2025-жылдары жаңы долбоорлор ишке кирип, запастар мамлекеттик баланска кошулду.

> 2024-жылы "Кумтөр" кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында алтындын запасы 147,4 тоннага көбөйдү. Бул өндүрүш мөөнөтүн узартып, кендин туруктуу иштешине шарт түздү.

2025-жылы Кумтөрдүн калдык сактоочу жайында алтын (121 тонна) жана күмүш (225 тонна) запастары мамлекеттик баланска киргизилди. Долбоор 17 жылга эсептелген.

> Ошондой эле Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда алтын ылгоочу фабрика пилоттук режимде иштей баштады. Көмүр тармагында да активдүүлүк өсүп, 2025-жылдын башынан бери 34 лицензиялык келишим берилди.

Бул чаралар ички рынокту камсыздоого жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.