> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# М.Маматалиев: “Бишкектин четиндеги айылдар борборго кошулганы менен аты да, заты да өзгөргөн жок”
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/14/m-mamataliiev-bishkiektin-chietindieghi-aiyldar-borborgho-koshulghany-mienien-aty-da-zaty-da-ozghorghon-zhok/
- Published: 2026-01-14T06:02:13.000Z
- Updated: 2026-01-14T06:02:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Өткөн жылы Бишкек шаарынын чет жакасындагы айылдар борборго кошулганы менен анын аты да заты да өзгөргөн жок. Мындай пикирин депутат Марлен Маматалиев бүгүн ЖКтин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, ордо калаага Сокулук ж.б жактан айылдар кошулду, бирок ал айылдар мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды.

> *“Борбор болгондон кийин борбордой болуш керек. Премьер-министр айтты эле - *6 млрд сом* бөлүнүп жатат деп, ошол акчаны комплекстүү турдө туура багытка жумшоону сунуштайм. Бишкек шаарынын борбору кандай болсо, чети да ошондой болушу керек. Мисалы 1-май районун карай турган болсок, Борбор жагы кандай, чет жагы кандай? Комплектүү турдө акчаны туура багытка жумшап, “Калыс ордо”, “Мурас ордо”, “Ак босого” сыяктуу жаңы конуштарды – жаңы конуш деп айтпай “квартал” же “микрорайон” деген наам бериш керек. Жөн эле атын атап койбой *суу, канализация, жол* маселелерин чечүү зарыл. Ал жак *шаардай эмес.* “Шаарда жашаймын” – деп да, айта албайсын” –* деп, билдирди Маматалиев.

Депутат 2026-жылы жаңы 20 мектеп жаны 10 бала бакча салынаарын эске салып, алардын да инфраструктуралык жагын кароого үндөп, бюджетти карап жатканда туура бөлуштүрүп, тийиштүү багыттарга жумшоону суранды.

> Эске салсак, Бишкек шаарынын административдик райондордун аймагына төмөнкүлөр кошулган:

**Ленин районуна** \- Сокулук районундагы Орок жана Новопавловка айыл аймактары;

**Октябрь районуна -** Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл аймагы, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын баштап, Орто-Сай айылы жана Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагы;

**Биринчи Май районуна** \- Аламүдүн районундагы Маевка, Пригородный айылдары, Аламүдүн районундагы Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык турак жай массивдери, Сокулук районундагы Ат-Башы айылынын Ак-Жол айылынын No 177 контуру;

**Свердлов районуна** \- Аламүдүн районундагы Аламүдүн, төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары, Мыкан айылы жана Аламүдүн районундагы Ленин айыл аймагынын «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата», «Адилет» конуштары.