> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы санаторий-курорт тармагынын кирешеси 109,7%га өскөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/14/otkon-zhyly-sanatorii-kurort-tarmaghynyn-kirieshiesi-109-7-gha-oskon/
- Published: 2026-01-14T05:34:57.000Z
- Updated: 2026-01-14T05:34:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**2025-жылы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча" дирекциясынын карамагындагы бардык мекемелер боюнча киреше 109,7%га өскөн.**

Башкармалыктан билдиришкендей, белгиленген жылдык план - 550 млн сом, анын ичинен 11 айга 525 млн сом пландалган. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы менен жылдык план ашыкча аткарылып, 657 млн 592 миң сомго жетти, бул жылдык көрсөткүчтүн 109,7%ын түзөт.

"Бул жетишкендиктер дирекциянын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Кардарлардын саны көбөйүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана инфраструктуралары жакшыртылган. Мындан тышкары, бир катар объекттерде капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринен кийин ишке берилүүсү да оң таасирин тийгизди",-деп айтылат маалыматта.