> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/15/bishkiektie-vietnam-kompaniiasynyn-ishkierdikti-onukturuu-kiensiesi-achyldy/
- Published: 2026-01-15T06:12:49.000Z
- Updated: 2026-01-15T06:13:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды. Борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ишке кирди.** 

Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты.

Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана башка тиешелүү кызматкерлер, чет элдик компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Эскерте кетсек, заманбап кеңсе борбор мурунку "Ай-Пери" бизнес борборунун ордунда түзүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2025-02-16_20-15-20_197199.jpg)