> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/15/zierghierchilikkie-salyk-zhienildiktieri-kirghizildi/
- Published: 2026-01-15T10:51:49.000Z
- Updated: 2026-01-15T10:51:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, зергерчилик тармагындагы ишкерлерге бир катар салык жеңилдиктери берилерин маалымдайт.**

Ага ылайык, өлкөгө алып келинген зергерчилик жабдуулары, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар КНС төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле, мурда алынган же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган буюмдарды 2 ай ичинде легалдаштыруу үчүн мораторий киргизилүүдө.

> Зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө өзүнүн эн белгиси менен изделген сыноо функциялары ыктыярдуу негизде өткөрүлөт. Мындан тышкары, каттоого турбастан иш жүргүзгөндөр үчүн жоопкерчилик каралган (жеке жактар – 5 000 сом, юридикалык жактар – 13 000 сом).

Бул чаралар өндүрүштү модернизациялоо, продукциянын наркын төмөндөтүү жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-июлундагы мыйзамга ылайык, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25% деп белгиленген.