> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алкоголь жана тамеки товарларын ташууда жаңы пломба системасы киргизилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/16/alkoghol-zhana-tamieki-tovarlaryn-tashuuda-zhany-plomba-sistiemasy-kirghiziliet/
- Published: 2026-01-16T08:31:32.000Z
- Updated: 2026-01-16T08:31:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**11-февралдан тартып Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйындан билдирилди.**

Иш-чарага Салык кызматынын жана Бажы кызматынын өкүлдөрү, Экономика министрлиги, ошондой эле бизнес коомчулугу катышты. Жыйындын жүрүшүндө бизнеске ЕАЭБдин талаптарына ылайык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери түшүндүрүлдү.

> Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталуусун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүү жана бизнеске болгон жүктү азайтуу экенин белгиледи.

Мындан ары Салык кызматы окуу иш-чараларын өткөрүп, пломбаларды колдонуу боюнча методикалык жардам көрсөтөт. Навигациялык пломбалар автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь, тамеки жана тамеки буюмдарына колдонулат.