> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/16/biilik-ashykcha-chyghymdargha-katuu-chiektoolordu-kirghizuunu-sunushtady/
- Published: 2026-01-16T12:15:30.000Z
- Updated: 2026-01-16T12:15:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.**

### Негизги сунуштар:

- Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат берилет.
- 350 адамдан ашкан ири тойлорго тыюу салынат.
- Фейерверктерге, ашыкча шоу-программаларга, ошондой эле ысырапкор салттарга — *кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү, кымбат белек берүүгө мажбурлоо* — тыюу салынат.
- Каза болгон күнү мал союу сунушталбайт.
- Жылдык аш өткөрүү милдеттүү эмес.
- 3, 7 жана 40 күндүк аза күтүүдө майда жандык же бир гана жылкы же уй союуга уруксат берилет.
- Шаан-шөкөттүү аштарды кайрымдуулукка, мечитке садака берүүгө же коомдук муктаждыктарга жумшоону сунушталат.

Түшүндүрмө катта документтин максаты салттарды чектөө эмес, аларды иретке келтирүү экени белгиленген. Анткени көптөгөн үй-бүлөлөр кадыр-барк үчүн ашыкча чыгымга барып, карыз алууга мажбур болууда.

Долбоордо ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролу аныкталган — калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана белгиленген тартиптин сакталышын көзөмөлдөө.