> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/16/ekonomika-ministrlighi-2026-zhyly-2-mln-dollardy-rieghiondordu-onukturuugho-zhumshait/
- Published: 2026-01-16T11:35:59.000Z
- Updated: 2026-01-16T11:35:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Гранттар жана кредиттер

**Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылы Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун (КДУД)) алкагында 2 млн долларды өздөштүрүүнү пландап жатканын биринчи вице-министр Чоро Сейитов координациялык комитеттин жыйынында билдирди.**

> Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, ушул кезге чейин 1 млн доллар өздөштүрүлгөн. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт, жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт. Анын ичинен 25 млн доллар — 50 жылдык пайызсыз кредит, 2 млн доллар — гранттык каражат.

Долбоор өлкөнүн бардык аймактарындагы 40 айыл аймагын камтып, каржылоо негизинен айыл чарба, саламаттык сактоо, энергетика жана социалдык инфраструктура багыттарына багытталган. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга өзгөчө көңүл бурулат.