> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Мамлекеттик Финансылык Холдинг" Чаткалдагы ГЭС каскадын курууга 61 млн доларга кепилдик берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/16/mamliekiettik-finansylyk-kholdingh-chatkaldaghy-ges-kaskadyn-kuruugha-61-mln-dolargha-kiepildik-bierdi/
- Published: 2026-01-16T07:30:20.000Z
- Updated: 2026-01-16T07:30:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**"Мамлекеттик финансылык холдинги"ААКы "Грант Холдинг" ЖЧКсынын "Элдик Банк" ААКсынын алдындагы кредиттик милдеттенмелерине 60 млн 950 миң доллар сумммада кепилдик бергени мамлекеттик холдингдин Кыргызстандын фондулук биржасындагы отчетунда камтылганын** [**"economist.kg"**](https://economist.kg/enierghietika/2026/01/16/gosfinkholdingh-vydal-gharantiiu-na-61-mln-dlia-stroitielstva-kaskada-ges-v-chatkalie/) **сайты жарыялады.** 

Бул ири макулдашуу 2025-жылдын 25-декабрында үч тараптуу кепилдик келишими алкагында жүргүзүлгөн. Мамлекеттик колдоонун берилишине — МинКабдын 2025-жылдын 19-декабрындагы №1126-р токмому негиз болгон. Милдеттенмелердин көлөмү операция жүргүзүлгөн учурда холдингдин активдеринен 10% ашкан.

Алынган каражаттар Жалал-Абад облусунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга багытталат. Долбоор Чаткал дарыясындагы Чаткал чакан гидроэлектростанциялары каскадын куруу, иштетүү жана тейлөө боюнча жүргүзүлөт (Каныш-Кыян айылдык аймагы).

Долбоордун жалпы кубаттуулугу — 145,89 МВт. Каскадга төмөнкү төрт станция кирет:

- "Башкы-Терек";
- "Коргон-Сай";
- "Чуңкурчак";
- "Айгыр-Джал".