> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 800 млрд сомду түзгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/19/2025-zhyly-kyrghyzstanda-onor-zhai-ondurushu-deerlik-800-mlrd-somdu-tuzghon/
- Published: 2026-01-19T05:16:46.000Z
- Updated: 2026-01-19T05:16:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 799 млрд 740 млн сомду түзүп, кайра иштетүү тармактарында олуттуу өсүш катталды.**

Эң жогорку өсүү темпи фармацевтика тармагында байкалып, продукция чыгаруу көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге жогорулаган. Ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 35,7%дык өсүш катталды.

Кайра иштетүү өнөр жайында төмөнкү багыттар боюнча оң динамика байкалууда:

- жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия – 30,5% өсүш;
- азык-түлүк продукциялары (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки буюмдары – 30,1% өсүш;
- химиялык продукция – 19,8% өсүш.

> Пайдалуу кендерди казып алуу көлөмү 14,2%га өстү. Ошондой эле энергетика тармагында да өсүү байкалууда: электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу көлөмү генерациялоо жана бөлүштүрүүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 12%га жогорулады.

Мындан тышкары, суу менен камсыз кылуу жана калдыктарды тазалоо тармагында көрсөткүчтөр 21,4%га жакшырды.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) жалпы көлөмү 1,97 трлн сомго жетип, 11,1%га өскөн.