> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/20/chatyr-kol-kinotieatrynyn-imaraty-bishkiek-meriiasynyn-karamaghyna-otkoruldu/
- Published: 2026-01-20T12:11:35.000Z
- Updated: 2026-01-20T12:11:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**МинКаб Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине борбордогу "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратын 40 сотых жери менен кошо мэриянын менчигине өткөрүп берүүнү тапшырды.**  
  
Министрлер кабинетинин токтомунда кинотеатрдын ордуна балдар жана кары-картаңдар үчүн кызмат кылуучу социалдык мекеме тургузулары жазылган. Чечим элдин жашоосун жакшыртуу, балдарга жана улгайган адамдарга жеткиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү максатында кабыл алынганы кабарланды.  
  
“Чатыр-Көл” кинотеатры 1967-жылы курулган.

Мыйзамсыз менчиктештирилгени айтылган кинотеатр 2010-жылы мамлекеттин карамагына алынып, “Учур” театрына берилген. 2012-жылы Бишкектин менчигинен алынып, ал кездеги Маданият жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.  
  
Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн имаратта бир нече жолу өрт чыккан. Акыркы жолу былтыр ноябрь айында күйүп кеткен соң, мэрия аны өз карамагына алары белгилүү болгон.