> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Куралдуу күчтөрдүн бюджети 300%га өстүбү?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/20/kuralduu-kuchtordun-biudzhieti-300-gha-ostubu/
- Published: 2026-01-20T07:58:04.000Z
- Updated: 2026-01-20T07:58:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өскөнүнМинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде билдирди.**

Адылбек Касымалиевдин айтымында, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалган.

“Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган”, - деди МинКаб жетекчиси.