> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/20/kyrghyzstanda-et-satuuchu-mobildik-dukondor-achylat/
- Published: 2026-01-20T09:08:50.000Z
- Updated: 2026-01-20T09:08:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**"Кыргыз Агрохолдинг" ААКы мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөргөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалып жатат.

> "Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймак жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот.