> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/20/rossiianyn-munai-zhana-ghaz-kirieshiesi-420-mlrd-rublghie-chieiin-azaiat/
- Published: 2026-01-20T05:37:39.000Z
- Updated: 2026-01-20T05:37:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**Reuters агенттигин Россиянын бюджетине мунайдан жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, былтыркы жылдын ушул январь айына салыштырмалуу 46%га азаярын билдирди.**   
  
Бул көрсөткүч 2020-жылдын август айынан берки эң төмөнкү деңгээл. Ал учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап кескин төмөндөгөн. 

Учурда муна менен жаратылыш газынын кирешеси Россиянын бюджетине түшкөн жалпы каражаттын болжол менен 4/1 түзүп, негизги каржылоо булактарынын бири болуп саналат.  
  
Кирешенин төмөндөшүнүн себептердин бири — Россия мунайынын арзандашы. Маалыматка ылайык, декабрь айында мунайдын баасы 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 53%га түшүп, бир баррели 3073 рублге жеткен.  
Москва да мунайдан түшкөн кирешенин азайганын моюнга алган. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, декабрь айында бул көрсөткүч 447,8 млрд рублди түзгөн. Бул 2024-жылдагы 790,2 млрд рублге караганда кыйла төмөн.  
  
Быйыл 1-февралдан тартып Евробиримдик Россия мунайынын баррели үчүн бааны 47,6 доллардан 44,1 долларга чейин төмөндөтөт. Батыш мамлекеттери бул чараны Украинага каршы кеңири масштабдагы согушка байланыштуу киргизген. Алгач, 2022-жылдын декабрында баа чеги баррели үчүн 60 доллар деңгээлинде белгиленип, 2025-жылдын сентябрында 47,6 долларга чейин түшүрүлгөн.