> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфонддун 2026-жылга бюджети 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө бекитилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/20/sotsfonddun-2026-zhylgha-biudzhieti-137-mlrd-691-5-mln-som-olchomundo-biekitildi/
- Published: 2026-01-20T09:05:14.000Z
- Updated: 2026-01-20T09:05:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Жогорку Кеңеш "КРнын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге бюджети жөнүндө" Мыйзамды кабыл алды.**

Документке ылайык, 2026-жылга Социалдык фонддун бюджетинин кирешелери 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалары 138 млрд 303,7 млн сом өлчөмүндө бекитилди. Бюджеттин тартыштыгы (дефицит) 388,1 млн сомду түзөт.

2026-жылы пенсиялык төлөмдөрдү каржылоону кошо алганда, Социалдык фондду республикалык бюджеттен каржылоо 46 млрд 670,3 млн сом өлчөмүндө каралган.

Ошондой эле:

- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 503,4 млн сом,
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна — 1 млрд 9 млн сом бөлүү бекитилди.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.