> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/21/talasta-too-buurchakty-kaira-ishtietuuchu-zavod-kurulat/
- Published: 2026-01-21T08:48:46.000Z
- Updated: 2026-01-21T08:48:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Талас облусунда 1 млрд сомго фасолду кайра иштетүүчү завод куруларын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.**

Анын айтымында, мамлекет Талас облусунда фасоль өндүргөн дыйкандарды колдоо жана продукцияны сатууга көмөк көрсөтүү багытында иш алып барууда.

> “Кыргызагрохолдингдин” маалыматына ылайык, өткөн жылы Талас облусунда дыйкандардан фасоль сатып алуу үчүн 100 миллион сом каралган. Натыйжада 1 миллион 700 миң 453 килограмм фасоль килограммы 95 сомдон сатып алынды, — деди Алмасбек Абытов.

Ал ошондой эле фасоль экспорттоо үчүн шарттарды түзүү максатында потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

> "Мындан тышкары, президенттин 2025-жылдын ноябрь айында Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө фасоль кабыл алуу пункттарын түзүү жана аны кайра иштетүүчү 1 миллиард сомдук завод куруу боюнча тапшырма берилген", — деп жыйынтыктады Алмасбек Абытов.