> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/22/2026-zhyly-salyktyk-kirieshielier-413-578-mlrd-somdon-zhoghoru-bolushu-mumkun/
- Published: 2026-01-22T12:49:23.000Z
- Updated: 2026-01-22T12:49:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Кыргызстандын Финансы министрлиги 2026-жылга салыктык кирешелердин көлөмүн 413 млрд сомдон 578 млрд сомго чейин болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Бул маалымат 2025–2030-жылдарга карата фискалдык тобокелдиктер боюнча баяндамадан келтирилген.**

Бюджеттеги салыктык кирешелер боюнча үч сценарий жарыяланган:

- Негизги фискалдык сценарий — 458,4 млрд сом;
- Оптимисттик сценарий — 577,6 млрд сом;
- Пессимисттик сценарий — 412,7 млрд сом.

Финансы министрлиги 2025-жылга карата салыктык түшүүлөрдүн так көрсөткүчтөрүн 25-январдан кийин жарыялайт, бирок алдын ала маалыматка ылайык, министрлик 445–447 млрд сомдун тегерегинде салык түшүүсүн күтүп жаткан.