> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/22/jds-dolbooru-boiuncha-adistierdi-daiardoogho-iaponiia-399-mln-iien-bolot/
- Published: 2026-01-22T09:47:21.000Z
- Updated: 2026-01-22T09:47:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте агенттиктин директору Эльчибек Джантаев менен Кыргызстандагы Япониянын элчиси Хирано Рюитинин жолугушуусу болуп өттү.**

Жолугушууда кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык, анын ичинде JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктары талкууланды.

> Маалыматка ылайык, JDS долбоорунун алкагында 20-агым боюнча магистратура жана докторантура программалары аркылуу адистерди даярдоо каралган. Бул максатта Япония өкмөтү 399 миллион иен өлчөмүндө грант бөлгөн.

2006–2025-жылдар аралыгында Кыргызстандан 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, ошондой эле "Жаш лидерлер" программасынын алкагында 28 адис Японияда билим алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү демилгелер сунушталды:

JDS программасынын квотасын 50 орунга чейин көбөйтүү (азыркы учурда 20 орун: 19 магистратура, 1 докторантура);  
"Жаш лидерлер" программасынын квотасын 10 орунга чейин жогорулатуу.

Эльчибек Джантаев белгилегендей, 2026-жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул жылы JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет.