> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/22/olkonun-salyktyk-emies-kirieshiesi-idpdaghy-ulushu-2028-zhylgha-chieiin-16-8-gha-azaiat/
- Published: 2026-01-22T10:24:26.000Z
- Updated: 2026-01-22T10:24:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Пикир

**Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун 2025-жылдын декабрындагы баяндамасында аналитиктер Кыргызстанда орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин салыктык кирешелери кыскарышы мүмкүн экенин билдиришкен.** 

Баалоолорго ылайык, 2024–2025-жылдары салыктык түшүүлөр ички дүң продукциянын (ИДП) 20,7%ын түзгөн.

> Аналитиктердин күтүүсүнө караганда, 2026-жылы бул көрсөткүч 19,7%га чейин төмөндөйт. 2027-2028-жылдары салыктык кирешелер тиешелүүлүгүнө жараша 18,1%ды жана 16,8%ды түзөт.

"Кыргызстандын бюджети 2025-жылы негизинен салыктык эмес кирешелердин өсүшүнүн эсебинен рекорддук профицит менен аткарылды", — деп белгилешет аналитиктер.