> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/23/adal-talaptary-boiuncha-rikha-zhchkgha-bailanyshtuu-zhaghdai-taktaldy/
- Published: 2026-01-23T12:34:08.000Z
- Updated: 2026-01-23T12:34:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби талкууланды.

> Өткөн жылы "Риха" ЖЧКнын продукциясынан чочконун ДНКсы аныкталган фактыга байланыштуу маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Компания тарабынан оңдоочу чаралар көрүлүп, 2026-жылдын январында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр продукцияда чочконун ДНКсы жок экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселелер мындан ары мыйзамдын алкагында чечиле турганын жана кызматташтык улантыларын белгилешти.