> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/23/silvercorp-metals-chaarat-altyn-kienindieghi-kompaniianyn-70-aktsiiasyn-satyp-aldy/
- Published: 2026-01-23T12:16:11.000Z
- Updated: 2026-01-23T12:16:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды.**

Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан Түлкүбаш жана Кызылташ алтын кендерин камтыры айтылат. Мындан тышкары, Silvercorp Тянь-Шань аймагындагы 27,42 чарчы чакырым аянттагы алтын кен тилкелерин чалгындоого укук алган.

> Ошондой эле Silvercorp Metals туунду компаниялары аркылуу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол койду. Ага ылайык, Silvercorp 70%, "Кыргызалтын" 30% акцияга каржылык милдеттенмесиз ээлик кылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/67076195_650073232179529_7818060661748924416_n.jpg)

> Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги кызматташуунун алкагында 70 млн доллар алат. Анын 60 млн доллары лицензия 2032-жылдан 2062-жылга чейин узартылган учурда, калган 10 млн доллары кийинки этаптар аяктагандан кийин берилет.

Silvercorp Metals кен иштетүүнү 2026-жылы Түлкүбаш алтын кенинен баштоону пландап жатат.