> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 13,7%га азайды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/26/2025-zhyly-kyrghyzstandyn-uchunchu-olkolor-mienien-tyshky-soodasy-13-7-gha-azaidy/
- Published: 2026-01-26T08:19:12.000Z
- Updated: 2026-01-26T08:19:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 9 млрд 486,84 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 13,7%га кыскарган.**

2024-жылы тышкы сооданын көлөмү 10 млрд 992,53 млн долларды түзгөн. Ошентип, акчалай көрсөткүчтө төмөндөө 1 млрд 505,69 млн долларды түздү.

Ошол эле учурда товар жүгүртүүнүн салмактык көлөмү өстү. 2025-жылы ал 6 млн 914,63 миң тоннага жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 23,1%га көбөйдү (2024-жылы — 5 млн 615,29 миң тонна). Өсүш 1 млн 299,34 миң тоннаны түздү.

> 2025-жылы товарлардын экспорту 1 млрд 262,52 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 44,7%гаазайды (2024-жылы — 2 млрд 281,60 млн доллар). Акчалай төмөндөө 1 млрд 019,08 млн долларды түздү. Салмактык көрсөткүчтө экспорт 2 млн 597,73 миң тонна болуп, 2024-жылга салыштырмалуу 4,1%га азайды (2024-жылы — 2 млн 707,49 миң тонна).

> Импорттун көлөмү акчалай түрдө 8 млрд 224,32 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 5,6%гакыскарды (2024-жылы — 8 млрд 710,93 млн доллар). Кыскаруу 486,61 млн долларды түздү. Ошол эле учурда салмактык көрсөткүчтө импорт 4 млн 316,90 миң тоннага жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 48,5%га көбөйдү (2024-жылы — 2 млн 907,80 миң тонна), башкача айтканда 1 млн 409,10 миң тоннага өстү.

Жыл жыйынтыгында соода балансынын сальдосу терс бойдон калып, (-) 6 млрд 961,80 млн долларды түздү.