> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда алтын куймаларга болгон баалар жыл башынан бери рекорддук деңгээлге өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/26/kyrghyzstanda-altyn-kuimalargha-bolghon-baalar-zhyl-bashynan-bieri-riekordduk-diengheelghie-ostu/
- Published: 2026-01-26T04:07:48.000Z
- Updated: 2026-01-26T04:07:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

КРнын **Улуттук банкынын** маалыматына ылайык, 2026-жылдын 26-январына карата **1 гр алтын** куйманын сатуу баасы **15 339 сомду** түзүп, 12-январга салыштырмалуу 1 631 сомго жогорулады.

Ал эми **100 граммдык алтын** куймасынын баасы **1 439 323 сомго** жетип, жыл башынан берки тарыхый эң жогорку көрсөткүчтү жаңылады. Аны кайра сатып алуунун баасы 1 397 401 сомду түздү.

**КРУБ алтындан даярдалган өлчөнгөн куймаларынын баалары:** 

| Датасы   | Алтындан даярдалган өлчөнгөн куймалар | Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасы, сом | Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасы, сом |
| -------- | ------------------------------------- | ----------------------------------------------- | ------------------------------------- |
| 26.01.26 | 1.00                                  | 15 263.00                                       | 15 339.00                             |
| 26.01.26 | 2.00                                  | 29 248.50                                       | 29 365.50                             |
| 26.01.26 | 5.00                                  | 71 426.50                                       | 71 641.00                             |
| 26.01.26 | 10.00                                 | 139 971.00                                      | 140 251.00                            |
| 26.01.26 | 31.1035                               | 434 686.00                                      | 441 206.00                            |
| 26.01.26 | 100.00                                | 1 397 401.00                                    | 1 439 323.00                          |

Ушундай эле өсүштү **“Кыргыз алтын” ААКнун** алтын куймаларынын баасынан байкоого болот. Кыргыз алтындагы **1 гр өлчөнгөн куйманын** баасы - 15 328.50 сом болсо, **100 гр алтын - 1 436 167.50 сомдон** сатылууда.

**“Кыргыз Алтын” ААКнун өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары:**

| Датасы   | Чендик куймалар, г. | Кайра сатып алуу баасы, сом | Сатуу баасы, сом |
| -------- | ------------------- | --------------------------- | ---------------- |
| 26.01.26 | 1                   | 15 116.50                   | 15 328.50        |
| 26.01.26 | 2                   | 28 998.00                   | 29 375.00        |
| 26.01.26 | 5                   | 70 904.00                   | 71 755.00        |
| 26.01.26 | 10                  | 140 575.50                  | 142 121.50       |
| 26.01.26 | 20                  | 280 319.00                  | 284 524.00       |
| 26.01.26 | 31.1035             | 435 056.00                  | 441 582.00       |
| 26.01.26 | 50                  | 698 475.00                  | 719 429.00       |
| 26.01.26 | 100                 | 1 394 337.00                | 1 436 167.50     |