> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен районунда 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/27/batkien-raionunda-143-ghiektar-zhierghie-tamchylatyp-sugharuu-sistiemasy-ornotulat/
- Published: 2026-01-27T08:30:23.000Z
- Updated: 2026-01-27T08:30:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын чыгыш-түштүк тарабында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат.** 

> Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги долбоордун алкагында 143 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу каралып жатканын билдирди.

Курулуш иштери 2026-жылдын январь айынын экинчи декадасынан тартып башталды.

Тамчылатып сугаруу системасынын негизги артыкчылыктары суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, сууну түздөн-түз өсүмдүктүн тамыр аймагына жеткирүү аркылуу суунун жоготууларын азайтуу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана топурактын туздануусун алдын алуу болуп саналат.

Мындан тышкары, бул система эмгек чыгымдарын кыскартып, жер семирткичтерди жана сууну натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.