> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик жөлөк пул берүүнүн жаңы тартиптери талкууга коюлду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/27/mamliekiettik-zholok-pul-bieruunun-zhany-tartiptieri-talkuugha-koiuldu/
- Published: 2026-01-27T05:54:53.000Z
- Updated: 2026-01-27T05:54:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Үй-бүлөлөргө социалдык колдоону кеңейтүүгө жана жөлөкпулдарды дайындоодо мүлктүк тоскоолдуктарды жоюуга багытталган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Документтеги негизги сунуштардын бири — бийик тоолуу райондордо жашаган, үчүнчү же андан кийинки баласы 2026-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн жана азыркы учурда 3 жашка чыга элек үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүүнү карайт. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул чара бийик тоолуу аймактардын бардык жашоочулары үчүн тең шарттарды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

> Ошондой эле долбоор муктаждыкты аныктоодо "мүлктүк текшерүүлөрдөн" толугу менен баш тартууну сунуштайт. Башкача айтканда, тиричилик техникасы, мал-жан, транспорт каражаттары же башка мүлк жөлөкпул алууга таасир этпейт. Негизги критерий катары үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси гана эсептелет.

Өзүнчө норма менен "Баатыр эне" наамын алган энелерге ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм каралган. Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө мындай наамга ээ болгон 31 миңден ашуун аял бар.

> Мындан тышкары, мыйзам долбоору универсалдуулук принципти киргизет: жөлөкпул 12 жашка чейинки балдары бар бардык жарандарга (үй-бүлөлөргө) дайындалат, ал эми үй-бүлө муктаж деп табылган учурда — балдар 16 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды. Коомдук талкуу аяктагандан кийин документ парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.