Салык кызматы акциздик маркасы жок 13 миң даана продукцияны аныктады

Салык кызматы акциздик маркасы жок 13 миң даана продукцияны аныктады

Бишкек шаарында рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүүнүн жүрүшүндө Салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жок ири көлөмдөгү акциздик товарларды аныкташты. Текшерүү кант кошулган суусундуктарды, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктерди саткан соода түйүндөрүн камтыды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, инспекторлор милдеттүү акциздик маркалары жок сатууга коюлган болжол менен 13 миң даана продукцияны аныкташкан.

Окуя болгон жерде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар мындан аркы текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркасы жок продукцияны сатуу үчүн мыйзамда катуу жоопкерчилик каралганын эскертти:
  • 200 даанага чейин — 100 миң сом айып пул;
  • 200 даанадан ашса — жети жылга чейин эркинен ажыратууга чейинки жаза колдонулушу мүмкүн.
Салык кызматы ишкерлерди продукциядагы маркировканын бар экенин жана анын аныктыгын кылдат көзөмөлдөөгө, ал эми жарандарды алкоголдук ичимдиктердеги акциздик маркаларды текшерүүгө чакырды.

Акциздик маркаларды ыкчам текшерүү үчүн Salyk.kg мобилдик тиркемесинде сканерлөө жана кол менен киргизүү кызматы иштейт. Ошондой эле алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн Data Matrix форматындагы санариптик маркировканы Teksher тиркемеси аркылуу текшерүүгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары