> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик салык кызматы планшеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/01/31/mamliekiettik-salyk-kyzmaty-planshiettierdi-satyp-aluu-boiuncha-tiendier-zharyialady/
- Published: 2026-01-31T15:39:24.000Z
- Updated: 2026-01-31T15:39:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, 150 даана планшет сатып алууга жалпысынан 5 млн 173 миң 500 сом бөлүү пландалууда.**

> Техникалык талаптарга ылайык, планшеттердин түсү кара же боз болушу керек. Ички эс тутумунун көлөмү кеминде 256 гигабайтты, оперативдик эс тутуму кеминде 8 гигабайтты түзүүгө тийиш. Ошондой эле кепилдик мөөнөтү эки жылдан кем болбоосу талап кылынат.

Жабдуучулардын сунуштары 13-февралга чейин кабыл алынат.

Планшеттер Мамлекеттик салык кызматынын кампасына келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде жеткирилиши керек.