> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калкты газдаштыруу үчүн Кыргызстанда 3% жеңилдетилген кредит берилип жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/02/kalkty-ghazdashtyruu-uchun-kyrghyzstanda-3-zhienildietilghien-kriedit-bierilip-zhatat/
- Published: 2026-02-02T05:36:17.000Z
- Updated: 2026-02-02T05:36:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн, 2-февралда КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети "ыш менен байланышкан экологиялык абалды" кароого алды.**

Анын жүрүшүндө, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ***Медер Машиев*** баяндама жасап, 25 министрлик/ведомстволордон турган кеңейтилген комиссия атайын иш жүргүзүп, анын натыйжасында **2 жылдан бери** ыштын **басымы азая баштагандыгын** билдирди. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/---------------------------99--1.png)

Министрдин айтымында, Чүй өрөөнү жана Бишкек шаарындагы ыштын келип чыгышынын негизги булактары болуп:

1) кышкысын жеке сектордогу **көмүр жагуу 40%** ээлейт.

2) **эски унаалардан** чыккан ыш **30%** ээлейт.

3) **ЖЭБтен** чыккан ыш **15%** ээлейт ж.б саналат.

> “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Кыргыз гидромет” станциясы жүргүзгөн байкоо жана талдоонун негизинде акыркы **2 жылда** Бишкек шаарында жана Чүй обласында **абанын сапаты жакшырып** жаткандыгы байкалган. Жеке сектордогу көмүр жагууга карата күрөшүүдөгү негизги фактор болуп, калкты газдаштыруу саналат. Газдаштыруу үчүн **2023-жылы 8%** жеңилдетилген насыя каралган. Ал эми **2025-жылдан бери** ал пайыздар жеңилдетилип **3% түшүрүлдү**. Жыл сайын бул максатта **150 млн сом** каражат **бөлүнүп турат**”-деди министр.

Медер Машиевдин айтымында, газдаштыруу үчүн женилдетилген кредиттер мамлекеттик банктар - Айыл банк жана Элдик банк аркылуу жүргүзүлуп жатат. 

Газдаштырууну активдүү ишке ашыруу аракетинин жыйынтыгында, жалпысынан **33 млрд сом** акча каражаты **жумшалып**, 2014-жылга салыштырмалуу 2025-жылы газдаштыруунун деңгээли **22%дан 44 % өсүп** жалпы **абоненттердин саны 444 миңге** жетти. Учурда Бишкек шаарында **54 калктуу конуш** газдаштырылып, **51 миң абонент** газга кошулду.