> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Батыш санкцияларына кирген кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/03/batysh-sanktsiialaryna-kirghien-kyrghyzstandyk-kompaniialardyn-sany-25kie-zhietti/
- Published: 2026-02-03T03:32:26.000Z
- Updated: 2026-02-03T03:32:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Министрлер Кабинети Европа Биримдиги Москвага каршы чаралардын алкагында Кыргызстанга да санкция киргизүүнү караштырып жатканы жөнүндө маалыматтарга комментарий берип, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү демилгелегенин "Азаттык" жазды.**

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда: " Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен бул боюнча видео байланыш аркылуу сүйлөшүү болгону жатат. Азыр бир басылманын эле маалыматы чыкты да, ал расмий маалымат эмес, далили же башка нерсеси жок. Анүстүнө, биз кайсы бир курал-жарак же башка ушул сыяктуу товарларды экспорттоого чектөө койгонбуз. Ошондуктан бизде мындай маселе болушу мүмкүн эмес... Эгер алар кандайдыр бир чара колдонсо ушул мамлекеттерге “Кыргызстанга мобу жабдууларды сатпагыла” деген сунуштама бериши мүмкүн. “Кыргызстанга санкция салабыз, аны менен иштешпегиле” деген сөз жок”, – деди ал.

Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган.

 Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.  
  
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.  
  
Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.