> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/04/kyrghyzstanda-birdiktuu-salyk-dieklaratsiiasyn-kabyl-aluu-onoktughu-bashtaldy/
- Published: 2026-02-04T04:43:48.000Z
- Updated: 2026-02-04T04:43:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын билдирди**

Декларация тапшыруу өнөктүгү салык төлөөчүлөрдүн категориясына жараша эки этапта жүргүзүлөт.

**2026-жылдын 1-апрелине чейин декларация тапшырууга:**

- ата мекендик уюмдар (бюджеттик мекемелерди жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмеси жок уюмдарды кошпогондо);
- Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү милдеттүү.

**2026-жылдын 1-майына чейин декларация тапшырууга тийиш:**

- жеке ишкерлер (патент менен иштегендерди, өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөндөрдү, бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкаларын колдонгондорду, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбаларын кошпогондо);
- эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргызстан жарандары;
- отчеттук мезгилде киреше салыгы кармалбаган киреше алган жеке жактар.

Ошол эле учурда, башка категориядагы жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк салыктык жеңилдиктерди алууну пландагандар декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.

**Декларацияны кантип тапшырууга болот?**

Бирдиктүү салык декларациясы **жалаң гана электрондук түрдө** — Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу, *Cabinet.salyk.kg* порталы аркылуу кабыл алынат.

Декларацияда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

- кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар;
- экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү;
- мүлк объекттери жана жер тилкелери;
- отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммалары.

Кошумча маалыматты аймактык салык органдарынан, **116** телефону аркылуу, ошондой эле Салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.