> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы Ош базарында баарына орун жетет — Каныбек Туманбаев
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/04/zhany-osh-bazarynda-baaryna-orun-zhietiet-kanybiek-tumanbaiev/
- Published: 2026-02-04T10:08:59.000Z
- Updated: 2026-02-04T10:08:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Бүгүн соода менен алектенген жеке ишкерлер менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарында баарына орун жетерин билдирди.**

Анын айтымында, Фучик — Объездной көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан жаңы базарда соодагерлер үчүн да, келген кардарлар үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Базар ар кандай багыттар боюнча блокторго бөлүнөт: азык-түлүк, кийим-кече, техника жана башка товарлар.

"Эч ким көчөдө калбайт, баарына соода кылууга орун берилет. Ижара акысын мамлекетке төлөйсүңөр", — деп белгиледи Каныбек Туманбаев.

Ошондой эле ал соодагерлерди документтерин тартипке келтирүүгө чакырып, "орунду мынча акчага сатып жиберишти" деген ушактарды таратпоого үндөдү.