> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ ичинде тигүү тармагындагы тоскоолдуктар алынды-Д.Амангелдиев
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/05/ieaeb-ichindie-tighuu-tarmaghyndaghy-toskoolduktar-alyndy-d-amanghieldiiev/
- Published: 2026-02-05T05:53:50.000Z
- Updated: 2026-02-05T05:53:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Министрлер кабинети тигүү тармагынын маселесин чечип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.**

Ал белгилегендей, ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, көйгөйлөр талкууланды.

> “Биз сертификациялоо маселесин карадык, ошондо төлөөчүлөр менен КНС маселеси чечилди. Бул маселе ЕАЭБ кеңешинин акыркы жыйынында каралып, кеңеш катчылыкка бул маселе боюнча резолюция кабыл алып, иштеп чыгууну тапшырды. 

> Өткөн аптада катчылык чындыгында олуттуу көйгөй бар деген жыйынтык чыгарды. Казакстан жана Россия менен болгон тоскоолдуктар жана түшүнбөстүктөр чечилди деп айтсак болот. Мындан тышкары, Wildberries КНС төлөөчү катары катталды”, - деди ал.