> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/09/byiyl-kyrghyzstanda-aiyl-charba-produktsiiasyn-kaira-ishtietuuchu-75-ishkana-achylat/
- Published: 2026-02-09T05:41:17.000Z
- Updated: 2026-02-09T05:41:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.**

Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн.

> Мындан тышкары, 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында жаңы ачылган ишканалардын жалпы санын 385ке жеткирүү пландалып жатат.

> Учурда республикада кайра иштетүү багытында 483 ири жана орто өнөр жай ишканасы, 40 соода-логистикалык борбор, 15 миңге жакын чакан ишкана, 264 жашылча-жемиш сактоочу кампа, ошондой эле 119 мал союучу пункт иштеп жатат.