> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/09/zhazghy-talaa-ishtierinie-40-min-tonna-diziel-9-7-min-tonna-bienzin-sarptalat/
- Published: 2026-02-09T05:10:10.000Z
- Updated: 2026-02-09T05:10:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.**

Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң тонна бензин талап кылынат.

> "Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, май куюучу жайларда жана мунай базаларында дизель майы жетиштүү көлөмдө бар. Дыйкандарды колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 7 миллион литр дизель майы 74 сомдон сатылууда", — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле ал жазгы талаа иштерин нормалдуу өткөрүү үчүн 182 миң тонна минералдык жер семирткичтер керек болорун кошумчалады.

> "Бүгүнкү күнгө карата 22 миң тонна жер семирткич алып келинди, бул жалпы муктаждыктын 30%ын түзөт. Жер семирткичтерди сегиз компания ташып келүүдө, аларды 23төн 39 сомго чейин сатышууда. Быйыл жалпы айдоо аянты 1 млрд 250 млн гектарды түзөт, бул 2025-жылга салыштырмалуу 3,3 миң гектарга көп", — деп жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.